Бүгүн, 22-июлда, Камчыбек Ташиев Сузак районунун Боз-Чычкан айылында жаңы салынган турак жайдын ачкычын жергиликтүү тургун Абдували Анапияевге тапшырды. Иш-чарага айыл жашоочулары да катышты.
Боз-Чычкан айылынын тургуну Абдували Анапияев 1 уул, 1 кыздын атасы. Ал көп жылдардан бери өз турак жайы жок, батирден батирге көчүп жашап келген.
Үй тапшыруу учурунда Сузак районунун Боз-Чычкан айылында бала бакчанын жоктугу көптөн бери көйгөй жаратып келгенин жергиликтүү жашоочулар билдиришти. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул жана башка айтылган маселелерди тез арада чечүүнү өз колуна алаарын айтып, балдар бакчасынын курулушун тез арада баштоону милдеттендирди.