7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө куткаруучулар үчүн «Асыл-Таш» эс алуу жайы ачылды

421

Бүгүн Ысык-Көл районунда куткаруучулар үчүн «Асыл-Таш» эс алуу жайы салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Эс алуу жайдын ачылышында министр Ажикеев өздүк курамды эс алуу жайлуу болушу менен куттуктады.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясаты менен мурда мыйзамсыз менчиктештирилген объектилер мамлекетке өтүп, эл үчүн кызмат кылууда. Мамлекетке өткөн ишканалардын катарын «Асыл-Таш» пансионаты да толуктаган.

«Буга чейин түйшүктүү кесипти аркалаган куткаруучуларды эс алдырууда кыйынчылык жаралып келсе, мындан ары пансионат куткаруучулар үчүн кызмат кылат», — деди ал.

Эс алуу жайы ӨКМдин карамагына өткөндөн тарта кайра оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, шарттар түзүлдү.

422