7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Караколго жаңы сквер курууну тапшырды

399

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Каракол шаарындагы Гебзе көчөсүндө жайгашкан кыймылсыз мүлк комплексин реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына бул объект совет доорунан2000-жылдын мартына чейин керек-жарак союзунун карамагында болуп, мамлекеттик менчикте тургандыгы маалымдалды. Бирок Каракол шаардык мамлекеттик администрациясынын чечими менен дүң жана чекене соода базасы жеке менчикке өткөрүлүп берилген.

Үстүбүздөгү жылдын жазында жер комиссиясынын протоколдук чечиминин негизинде аталган объект Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылган. Бул шаар жерин рационалдуу пайдалануу жана мамлекет тарабынан көзөмөлдү калыбына келтирүү багытындагы маанилүү кадам болду.

Аймакты көрүп чыккандан кийин Садыр Жапаров эскирген жана пайдаланылбай калган мурдагы кооперативдин, ошондой эле ага жанаша жайгашкан автобазанын имараттарын бузуп, алардын ордуна заманбап сквер – Каракол шаарынын тургундары жана коноктору үчүн жаңы коомдук жайга айлана турган эс алуучу жашыл аймак курууну тапшырды.

400