Ак-Талаа районунда мыйзамсыз кийик аткандар кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жангыз-Булак аймагында мыйзамсыз аңчылык кылган жарандар кийик эти, уруксат кагаздары жок 1 даана ИЖ-12 үлгүсүндөгү ок атуучу мылтык, ошондой эле 3 даана балык уулоочу кайырмагы менен кармалган.
Аткарылган текшерүү иштеринин натыйжасында тиешелүү документтер мыйзам чегинде жеринде толтурулуп, кармалган жарандар жана далил буюмдар мындан ары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Министрлик жарандарды жапайы жаратылышты, өзгөчө жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча мыйзамдарды так сактоого чакырат.