7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Нарын” аэропорту туруктуу аба каттамдарын ачууга даяр

349

Бүгүн мамлекеттик «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы «Нарын» аэропортуна алгачкы техникалык каттамды ийгиликтүү аткарды. Бул — учуп-конуу тилкесинин жана бүтүндөй инфраструктуранын учактарды кабыл алууга даяр экенин тастыктады.

Ушул жылдын сентябрь айынан тарта бул жерде туруктуу коммерциялык каттамдар ачылып, жергиликтүү тургундар үчүн өлкөнүн башка шаарлары менен ыңгайлуу жана тез байланыш түзүлөт.

“Нарын” аэропорту ири реконструкциядан кийин 22 тоннага чейинки салмактагы бардык учактарды кабыл алууга жөндөмдүү.

Аэропорттун кайра ишке кириши — жөн гана объектти оңдоп-түзөө эмес. Бул — ички туризмди өнүктүрүүгө, экономикалык байланыштарды чыңдоого жана аймактын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган маанилүү кадам.

Эскерте кетсек, аба майданы 1974-жылы пайдаланууга берилип, 1999-жылдан бери туруктуу каттамдар токтотулган.

350