Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ Ош шаарына болгон жумушчу сапарында мамлекеттик органдарга кайрылды.
Анда ал жөнөкөй райондук соттордун айлык акысы 300 миң сом болгонун белгилеп, элдин ыраазычылыгы үчүн иштеп берүүнү суранды.
«Арабызда турган бардык кызматкерлерге дагы бир жолу тапшырма иретинде айтып өтөйүн. Кылган жумушуңардын бардыгында элдин ыраазычылыгы болуш керек. Эң башкысы укук коргоо, прокуратура, сот жана коопсуздук органдары түздөн-түз элдин тилегин аткармайынча, же элдин түздөн-түз суроо-талаптарына жооп бермейинче ишиңерге жакшы баа берилбейт. Өзүңүздөр билесиздер, эл-журтка дагы жарыя кылып айтып коюшубуз керек. Мына азыр жөнөкөй райондордун сотторунун эң аз деген айлыгы 300 миң сом болду. Облустуку андан дагы көбүрөөк. Жогорку соттун судьяларыныкы андан дагы көбүрөөк. Бул эмне үчүн жасалып жатат? Ошол соттор коррупциялык элементтерге берилбесин, элдин турмушун, алардын чече турган жумушун акыйкат чечип берсин, президент ошого умтулуп жатат»,-деди ал.