7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Элдик Банк» Beeline Кыргызстан брендине ээлик кылат

16

«Элдик Банк» ААКсы Beeline Кыргызстан бренди менен иштеген «Скай Мобайл» компаниясынын 100% акциясын сатып алуу боюнча келишимди жыйынтыктады.

Бул чечим Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан ырааттуу мамлекеттик стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат жана улуттук кызыкчылыктарды бекемдөөгө, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономиканы модернизациялоого багытталган.

Стратегиялык телекоммуникациялык активди сатып алуу заманбап финансылык жана санариптик кызматтарды интеграциялоо, жарандар жана бизнес үчүн технологиялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле инновациялык өсүштү өбөлгөлөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Келишим ачык-айкындуулуктун жана корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттарын сактоо менен жүргүзүлдү, бул инвестициялык климатты жана өлкөнүн экономикасынын негизги секторлорунун туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

17