7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын лидер айымдарына күбөлүктөр тапшырылды

339

“Кыргызстандын 100 лидер айымы” программасынын катышуучуларына күбөлүктөр тапшырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Индира Шаршенова “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 7-мартындагы жарлыгынын негизинде аялдардын лидерлигин колдоо боюнча “Кыргызстандын 100 лидер айымы” программасы иштелип чыккан. Анын алкагында лидер аялдар тандалып алынып, окутуулар уюштурулуп жатат. Алгачкы эки топтун катышуучуларына бүгүн күбөлүктөр берилди.

“Иш-чаралар планын аткаруу жана аялдардын лидерлигин колдоо максатында биздин агенттик Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен бир катар иш-чараларды өткөрдү. Анын ичинде аким, мэрлердин орун басарларын, жергиликтүү кеңештердин төрайымдарын, айыл өкмөт башчыларын жана кадрлар резервинде турган аялдарды топтоп үч айлык аялдардын лидерлигинин программасынын алкагында окутууларды жүргүздүк. Бул иштер Кыргызстандын 2030-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасында да камтылган.”, — деди ал.

Индира Шаршенова белгилегендей, эми үчүнчү топту тандоого жарыя берилет. Ага лидерлик сапаты жана алдыга койгон максаты бар аялдардын катышууга мүмкүнчүлүгү бар.

340