7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта «Бандит» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

332

КР УКМК тарабынан Талас облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте 2025-жылдын 9-августунда уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерин алдын алуу жана бөгөт коюуга багытталган «Бандит» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү.

Анда Талас облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 48 жарандын ичинен Талас облусунун аймагында туруктуу жашаган 13 жаран Талас ОИИБне алып келинип, биометрикалык маалыматтары алынып, түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, каттоодо турган 6 жаран чет мамлекетте жүргөндүгү, 5 жаран эркиндигинен ажыратылып түзөтүү мекемесинде мөөнөтүн өтөп жаткандыгы, 24 жаран Кыргызстандын башка аймактарында жашап жаткандыгы аныкталды.

333