7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө «Криминал» операциясы өткөрүлдү

315

Күн мурун Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иш-аракеттеринин көрүнүштөрүнө бөгөт коюу жана жоюлган уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдардын арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунун аймагында “Криминал” деп аталган атайын операцияны өткөрдү.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундарынын ичинен уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар 144 адам Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин адистештирилген реестринде турганы аныкталды.

Мынташ тышкары Кыргыз Республикасынын ИИМ адистештирилген каттоосунда турган 26 адамга карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Ысык-Көл облусунун аймагында жашаган 74 жаранга карата ыкчам-издөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

316