19-август, шейшембиде, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Баткенде +28…+33, Талас аймагында +26…+31, Ош, Жалал-Абад жергесинде +29…+34, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +21…+26 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Атада +21…+23 градуска чейин көтөрүлөт.