7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абаддык ишкер Ош мэриясына 10 автоунаа белек кылды

365

”Жалал-Абаддык туугандардан Ош шаарынын элине белек”- деп жазылган каз катар тизилген он даана жаңы унаалар бүгүн Ош шаарынын мэриясына белек катары тапшырылды.

Унааларды Жалал-Абад облусунун тургуну, ишкер Асылбек Муратбеков Ош шаарында жасалып жаткан жумуштарды көрүп, мэрге колдоо катары алып келгендигин билдирип, ачкычтарын Жеңишбек Токторбаевге тапшырды.

Бул унаалар жакынкы күндөрү муниципалдык VIP такси катары каттамга чыгарылат. Эске салсак Ош шаарында муниципалдык такси кызматы ишке киргизилип жатат. Буга чейин да 15 электромобиль алынып келинген.

366