Баткен районунда жасалма номер тагып, атайын жарык чыгаруучу каражаттарды орнотуп алган айдоочулар кармалып 31 миң сом айып салынды
Баткен районунун аймагында 23-августь күнү 1551BM мамлекеттик номери тагылган “BMW X5” жана “Lexus 570” унааларынын видео тасмасы тараган.
Аталган унаалар токтотулуп, айдоочуларга тийиштүү протоколдор түзүлүп, автоунаалары айып короого токтолулду.
Калган унааларды издеп табуу иштери жүргүзүлүп жатканын ЖКККББдан билдирди.