7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөт бир катар маморгандарга жаңы автоунааларды тапшырды

356

Бүгүн 25-августта Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине, Ички иштер министрлигине жана башка бир катар ммлекеттик органдарга жаңы автоунаалардын ачкычын тапшырды.

Бардык тармактарда өнүгүүлөр катталып жатканын айткан Адылбек Касымалиев, Энергетика министрлигинде да реформалар, өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирди.

Бул жолу алынган автоунаалардын — Кыргызстанда жасалган 30 даана шевролет үлгүсүндөгү автоунаа Энергетика министрлигине, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине, Ички иштер министрлигине, ошондой эле 33 даана атайын техниканын 21 даанасы – “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасына, ал эми 12 даанасы — “Кыргызкөмүр” ишканасына тапшырылды.

“Бардык материалдык-техниканы чыңдоо үчүн сатып алынган техникалар максаттуу пайдаланылып, сиздердин ишти жеңилдетет деген ишенимдемин”, — деп сөзүн жыйынтыктады  Касымалиев.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

357