7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суусамыр—Кегети ашуусундагы жол толугу менен калыбына келтирилди

324

Суусамыр – Кегети ашуусундагы жол толугу менен калыбына келтирилип, жарандар жана туристтер үчүн ачык. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Токмок шаарынан түштүккө 60 чакырым аралыкта, деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан Суусамыр – Кегети ашуусунда акыркы 30 жыл ичинде эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Ысык-Ата, Чүй жана Аламүдүн райондорунун жергиликтүү тургундары Суусамыр өрөөнүндөгү жайлоолорго мал айдап чыгууда олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп келишкен. Мурда алар коопсуздугун тобокелге салып, ашыкча убакыт коротуп, айланма жолдор менен жүрүүгө аргасыз болушкан.

«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен шашылыш түрдө калыбына келтирүү иштери башталган. Бардыгы болгону бир жуманын ичинде айыл өкмөттөрүнүн карамагындагы муниципалдык ишканалар жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары тартылып, жол ирээтке келтирилди», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Суусамыр – Кегети ашуусундагы жол толугу менен ачылды. Бул жергиликтүү тургундарга жана дыйкандарга чоң жеңилдик жаратып, ошондой эле бардык Кыргызстандын жарандары жана туристтер үчүн да ыңгайлуу шарттар камсыз кылынды.

Эми ашуу айыл тургундары үчүн гана эмес, Суусамыр өрөөнүнүн кооз жаратылышын көрүүгө умтулган саякатчылар үчүн да жеткиликтүү болуп калды.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

325