7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Альпинист Наталья Наговицынанын абалын байкоого учкучсуз учактар тартылган

75

Жеңиш чокусунда буту жабыркап, түшө албай калган россиялык альпинист Наталья Наговицынанын абалын байкоого учкучсуз аскердик учактар да тартылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соц.тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, альпинисттин кырсыктап, аскадан түшө албай калганы тууралуу кабар түшкөндөн тартып тийиштүү мамлекеттик кызматтар аны эвакуациялоо боюнча болгон аракеттерди көрүшкөн.

«Анын ичинде альпинистти издөө анан абалына баам салуу максатында учкучсуз аскерий учактар да тартылган», — деп жазды ал.

Эске салсак, 12-август күнү Россиянын жараны Наталья Наговицына Жеңиш чокусуна чыгуу сапары учурунда 7200 метр бийиктикте оор жаракат алып, буту сынган. Окуядан кийин Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ошондой эле эл аралык куткаруучулар жана альпинисттер да аны куткаруу аракетин жүргүзүштү.

Окуя болгон жерге аскердик тик учак да жөнөтүлгөн. Бирок, аба ырайынын начардыгынан улам ал кырсыкка кабылган. Куткаруучулардын бардык аракеттерине карабастан, альпинистти экстремалдык бийиктиктен эвакуация жүргүзүүгө мүмкүн болгон жок. Начар аба ырайынын тоскоолдугунан улам Наталья Наговицынага жетүү кыйынчылык жаратууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

76