7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Барскоон – Бедел жолу 2029-жылы күзүндө пайдаланууга берилет

440

Барскоон  Бедел жолу 2029-жылы күзүндө пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган жолдун курулушуна старт берүү салтанатында билдирди.

Барскоон  Бедел жолу өлкөнүн өз каражатына курулууда.

“Биз бул ирет эч кандай карыз албай, өз каражатыбыздын эсебинен куруп жатабыз. Бул – мамлекетибиздин күчүнө, экономикасына жана мүмкүнчүлүгүнө таянуу менен ири долбоорлорду ишке ашыруудагы чечкиндүүлүгүнүн айкын далили. Бул кадам өлкөбүздүн күчтөнүп жатканын жана өз тагдырын өзү чечүүгө жөндөмдүү экенин көрсөтөт. Долбоорду ишке ашыруу учурунда ар кандай сунуштар түшүп, ар кандай механизмдер сунушталган. Натыйжада биз Кытайдын “China Road” компаниясы менен кызматташууга токтолдук. Аталган компания жолду 2029-жылдын күз айларына чейин толук бүтүрүп берет”,-деди президент.

Жолдун курулушу менен Кытайдын Ак-Суу шаарынан Кыргызстанга болгон багыт 500 чакырымга кыскарып, жүк ташуучулар үчүн кеминде 12 саат убакыт үнөмдөлөт.

“Эки тараптуу каттамды эске алганда аралык 1 миң чакырымдан ашык кыскарып, убакыт 24 саатка чейин үнөмдөлөт,” – деди Жапаров.

441