7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чаткалдагы социалдык объектилерди курууда 47 млн сомдук зыян келтирилген

287

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда социалдык объектилерди куруу жана оңдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактарында жумуштар начар аткарылып же такыр аткарылбай калганына карабастан  мини-футбол аянтчасын курууда аткарылбаган иштер үчүн кошумча 1,67 млн сом төлөнүп, бюджеттик каражаттар подрядчиктерге которулган.

Мындан тышкары «С.А.» ЖЧКсы тарабынан жер тилкеге лагерди орнотууда 10,4 гектар аянттагы жердин түшүмдүү катмары бузулуп, экологияга келтирилген зыян 2,4 миллион сомду түзгөн.

Аталган фактылар боюнча Чаткал районунун прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

 

288