Шейшембиде республиканын айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +25…+30, Талас аймагында +23…+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көлдө +20…+25, Нарын өрөөнүндө +24…+29 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +34…+36, Ош шаарында +35…+37, Чолпон-Ата шаарында +25…+27 градуска көтөрүлөт.