7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Asman Airlines компаниясына Dash 8 Q400 учагы келди

565

 Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясына Dash 8 Q400 учагы келди. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул компания тарабынан сатып алынган үчүнчү учак болуп саналат. Учактарды алуу жана авиапаркты кеңейтүү иштери өлкөдө аба каттамдарын жандандыруу боюнча жүрүп жаткан аракеттердин алкагында ишке ашууда.

“Аймактарды байланыштырган аэропортторду өнүктүрүү, жүргүнчү ташуучу учактарды жана кызматтык атайын тик учактарды алуу иштерине да өзгөчө көңүл бурулууда. Аталган иштер президент Садыр Жапаров белгилеген маанилүү багыттардын бири катары каралып, өлкөнүн авиация тармагын жандандырууга багытталган”, — деди ал.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

566