Алайдын Нура айылында жайгашкан «Эркеч-Там» автоунаа токтотуучу жайында милиционерлер менен чырдашкан Кытайдын үч жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош ОИИББ билдирди.
31-август күнү ИИМдин күзөт кызматынын кызматкерлери менен чет өлкөлүк жарандардын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, Күзөт кызматынын өкүлү асманга үч жолу ок чыгарган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Учурда окуя боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.