Ырчы, дастанчы, маданияттын мыкты кызматкери Азиз Батыров И. Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана Дизайн институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу 7-каналга кабарлады.
Азиз Батыров Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Консерваториясын аяктап, улуттук салттуу музыка өнөрүнө аралашып, “Түрк дүйнө” аттуу оркестринин солисти болуп эмгек жолун баштаган.
Чыгармачылык жолунда бир катар жетишкендиктерге жетип, сыйлыктарга татыган. 2014-жылы Түркиянын Дидим шаарында 18 мамлекеттен келген таланттардын арасында өткөн “Улуттар аралык музыка” фестивалында “Алтын үн” байгесин жеңип алган. 2015-жылы Түркиянын Ялова шаарында өткөн түрк тилдүү 25 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан “Алтын үн” сынагында баш байгени багындырган.
Бүгүнкү күндө ырчылык менен гана алектенбестен, кичинекей өсүп келе жаткан жеткинчектердин башын бириктирип, комуз үйрөтүп көркөм табитин өнүктүрүүгө салым кошуп келет.