Чүйдө өз балдарын өлтүрүүгө шектелип апасы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 12-сентябрда саат 19:28 чамасында Чүй районундагы үйлөрдүн биринен жашы жете элек балдардын сөөгү табылган.
Окуя болгон жерге дароо тергөө-оперативдик топ чыгып, 12 жаштагы кыз жана 2 жаштагы наристенин сөөгүн бычактан алган жаракаттар менен тапкан.
«Бул факты боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, балдардын сөөгү Токмок шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилди. Зарыл соттук-экспертизалар дайындалды», — деп берилет маалыматта.
Шектүү катары маркумдардын М.М. аттуу энеси кармалды. Тергөө иштери уланууда.