7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Мээрим Жуманазарова менен Нурзат Нуртаева килемге чыгат

331

Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын бешинчи күнү кыз-келиндер күрөшү менен уланат.

Кыргызстандын атынан эки балбан кыз килемге чыгат. 68 кг салмак категориясында Мээрим Жуманазарова 1/8 финалдык беттеште күрөшүн баштайт. Ал эми, 72 кг салмакта Нурзат Нуртаева 1/8 финалда Казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен таймашат.

Эскерте кетсек, ушул эле күнү кыргызстандык Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунун алтын медалы үчүн күрөшөт. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

332