7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Искусство университетине Камчыбек Ташиев спорт зал куруп берди (ВИДЕО)

15

Бүгүн, 17-сентябрда УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы спорт залынын салтанаттуу ачылышына катышты.

Үстүбүздөгү жылдын 16-январында Жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин Ташиев менен жолугушуусунда аталган окуу жайдын ректору Түмөнбай Колдошов университетке спорт зал курууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 1967-жылы түзүлгөндөн бери университеттин спорт залы болгон эмес, мындан улам дене тарбия сабактары тийиштүү шарттары жок өткөрүлүп келген.

Ташиевдин тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын апрель айында курулуш иштери башталып, студенттер менен толук кандуу сабактарды өткөрүү үчүн жана профессордук-окутуучулук курамдын пайдалануусу үчүн зарыл талаптарга жооп берген жана ар тараптуу жабдылган заманбап спорттук залы 3,5 айдын ичинде курулуп, пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу ачылышка университеттин студенттери жана окутуучулары катышып, алардын арасында Эл артисттер, Эмгек сиңирген артисттер, өлкөбүздүн маданият жана билим берүү жаатында эмгек сиңирген ишмерлер өлкө жетекчилигине өлкөнүн маданият жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жаткандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

16