Сокулук районунун акиминин орун басары Садыков Расулбек коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сокулук районуна тийиштүү айыл-чарба багытындагы жерлердин ээлери жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема аныкталган.
“2021- жылдан бери 200 гектардан ашык айыл-чарбага багытталган жерди мыйзамсыз түрдө жеке турак жай категориясына которуп, андан кийин жарандарга сатып келишкен. Андан тышкары, бир эле жерди бир нече жаранга сатып, натыйжада алар акчасыз жана жер тилкесиз калышкан”, — деп берилет маалыматта.
Бул факт боюнча Чүй ОИИББдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, анын натыйжасында жер ээлери болуп 5 жаран кармалды.
16-сентябрда Сокулук районунун акиминин орун басары 1983-жылы туулган С.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.