7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу тууралуу токтом кабыл алды

191

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында «VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө» токтомунун долбоору каралып, эл өкүлдөрү аны колдоого алды.

Аталган маселе боюнча маалыматты депутат Улан Примов тааныштырып, демилгечи топко 32 депутат киргенин билдирди.

«Эмдиги жылы эки маанилүү окуянын, тагыраагы президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа келгендигине байланыштуу ортодогу айырма кыска убакытты түзүп калууда. Ошондуктан демилгечи топ өлкөдөгү саясий системаны жана туруктуулукту чыңдоо максатында парламентке өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө тапшырууну сунуштайт», — деди эл өкүлү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 84 депутат демилгечи топтун Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын өзүн-өзү таркатуу боюнча сунушун колдоду.

Эске салсак, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет 23-сентябрда, Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши 25-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын өзүн-өзү таркатуу жөнүндө сунушун караган.

 

 

192