7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Түрмөгө отургузам!” Ташиев Транспорт министрине катуу эскертти

399

Кечээ, 24-сентябрь КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Жыйында Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) жасалма документтерди колдонуу менен товарларды ташып келүү боюнча коррупциялык схеманын бетин ачуу маселеси талкууланган.

Жыйындын жүрүшүндө Ташиев транспорт министри Абсаттар Сыргабаевге кайрылып, министрликке байланыштуу маалымат бар экенин, жарандар коррупияга шектелген арыз менен көп кайрылып жатышканын билдирди.

“Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Абсаттар Сыргабаев сен боюнча да маалымат бар, айтып коеюн. Мен түз эле айтам, кечээки жасалып жаткан жумуштардан, подрядчылардан биз Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилигине акча бергенбиз деген арыздар түшүп жатат. Бул тастыкталбай эле калсын, эгер тастыкталса түрмөгө отургузам уктуңбу. Мени аяп коет экен деп ойлобо, мен эч кимди аябайм, мага азыр баары бир”,- деди Ташиев.

400