Кыргызстанда калктын 11 пайызы психикалык жактан жабыркайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев БУУнун Маалымат кызматына берген маегинде айткан.
Анын айтымында, калктын 11 пайызы тынчсыздануу, депрессия, өзүн-өзү өлтүрүү тенденциялары, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерге, тамекилерге, психоактивдүү заттарга болгон көз карандылыктан тартып ар кандай оорулар менен жабыркайт.
Ошондуктан, Кыргызстан көп жылдардан бери биринчи жолу атайын психикалык ден соолук боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууда.
“Кыргызстанда да көптөгөн өлкөлөрдөй эле психикатриялык клиникага жардам сурап кайрылуу эски түшүнүк менен башкача кабыл алынып келген. Бирок азыр бул кызматтарды БМСЖга киргизүү менен биз аларды мүмкүн болушунча калкка жакындатууга аракет кылып жатабыз. Буга ылайык, үй-бүлөлүк дарыгер ошол эле учурда психиатр, пчихолог жана көчмө медайым болуусу үчүн мультидисциплинардык бригадаларды киргизип жатабыз», — деди Эркин Чечейбаев.
Ал белгилегендей, психиатриялык клиникалар оңдоп-түзөөгө муктаж. Ооруканага кошумча керебеттер керек.
“Жыл сайын мындай көйгөйлөр менен ооругандардын саны өсүүдө жана мындан ары да өсө берет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун божомолдору психикалык бузулуулардын саны өсө турганын көрсөтүп турат. Учурдагы тынымсыз дүйнөдө адам күнүнө болжол менен 300-400 чечим кабыл алууга тушугат, демек бул тынчсыздануу, депрессия жана чарчоо сыяктуу ооруларга алып келет. Ошондуктан, стигманы азайтуу үчүн психикалык саламаттык кызматын өнүктүрүү боюнча 2030-жылга чейин улуттук стратегияны иштеп чыгуудабыз. Биз эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз иштешип жатабыз”, — деп кошумчалады саламаттыкты сактоо министри.