Казакстандын Алматы шаарында өткөн жарым марафондо кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков биринчи келип, 21,1 чакырымды 1 саат 2 мүнөт 44 секундада чуркап өтүп Кыргызстандын рекордун жаңылады.
Мурдагы рекорд дагы Кеңешбековго таандык, анда убактысы 1 саат 2 мүнөт 48 секунд болгон. Аны Түркстандагы жарышта койгон.