7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Акыркы кат” спектакли Казакстандагы фестивалда “Эң мыкты спектакль” деп табылды

371

Казакстандын Актау шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин lll эл аралык театр фестивалы жыйынтыкталып, Кыргызстандан барган топ “Эң мыкты спектакль” номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Фестивалга жети өлкөнүн мыкты театрлары катышты. Бул жолку фестивалдын тематикасы түрк тилдүү элдердин тарыхы болуп саналып, ар бир өлкө тарыхый спектаклдерин көрсөтүштү.

“Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Кайрат Иманалиевдин калемине таандык, Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган «Акыркы кат» спектакли менен катышып фестивалдын башкы сыйлыгы болгон тарыхый теманы мыкты сахналаштырганы үчүн «Эң мыкты спектакль» номинациясын жеңип алды. Сыйлыкты калыстар тобунун төрайымы, Казакстандын көрүнүктүү театр сынчысы, профессор Сания Кабдиева тапшырды”, — деп жазылат маалыматта.

372