Өткөн түнү Бишкектин “Чыгыш-5” кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринде эки киши бычакталып, өрт чыкты. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Басма сөз кызматы билдиргендей, окуя боюнча 102 ыкчам кызматына билдирүү түшүп, ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери жана райондук милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан.
Белгиленгендей, окуя болгон жерде 2006-жылы туулган Б.Г. жана Б.А., 2003-жылы туулган Т.Т., менен З.З. жана 2004-жылы туулган М.Р. болгон. Алардын ортосунда өз ара чыр чыгып, Т.Т. менен М.Р. бычактан жаракат алган.
Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылган. Бычактан жаракат алган жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Кылмыштын изин жашыруу аракетинде З.З. аттуу жаран батирге өрт койгон.
Аталган факты боюнча Свердлов РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «Ден соолукка оор залал келтирүү» боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү З.З. ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.