7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Молдовада парламенттик шайлоо болуп өттү

294

Молдовада кечээ, 28-сентябрда парламенттик шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу Интерфакс Молдаванын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматына таянып жазды.

БШКнын маалыматы боюнча, жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30га карата добуш берүүгө катталган Молдова жарандарынын 33%дан ашыгы добуш берди. Бул шайлоону өттү деп жарыялоо үчүн шайлоочулардын зарыл болгон минималдуу саны.

Жалпысынан 1-сентябрга карата добуш берүүгө укугу бар 3 млн 299 миңден ашык адам катталган. Ага ылайык, 2274 шайлоо тилкеси иштеди. Анын ичинен 40 өлкөдө 301 шайлоо тилкеси ачылган.

Шайлоо процессине 1500дөй улуттук жана эл аралык байкоочулар күбө болушту. Шайлоонун жыйынтыгы бүгүн жарыяланат.

295