Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев иш сапары менен Токтогул шаарына барып, бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында 750 орундуу мектеп, 140 орундуу бала бакча жана 100 орундуу оорукана куруу боюнча даярдалган долбоорлор сунушталып, алардын ишке ашуу этабы тууралуу маалымат берилди.
Мындан тышкары, Текебаев Токтогул шаарындагы ички жолдорду реконструкциялоо долбоору да көрсөтүлүп, пландалып жаткан иштер менен таанышты.
Өз сөзүндө Тилек Текебаев бардык долбоорлорду сапаттуу жана өз убагында аткаруу маанилүү экенин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.