Жаңы шайлоо мыйзамы шайлоо жараянын таза өткөрүүнү көздөйт. Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде мындан ары мандат акчага сатылбай турганын, талапкерлер өз күчү жана элдин ишеними менен гана атаандашаарын эскертти.
— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Сиз элге кайрылууңузда алдыдагы шайлоолордун маанилүүлүгү тууралуу кеп кылдыңыз. Ушуга байланыштуу бир катар суроолорубузга жооп алсак болобу?
— Саламатчылык! Албетте, болот.
— Мисалы жаңы шайлоо мыйзамынын мурункулардан артыкчылыгы эмнеде? Анда буга чейинки шайлоолордогу кайсыл каталар эске алынган?
— Мурдагы шайлоолордон артыкчылыгы мындан ары депутаттык мандат 100 миң доллардан баштап 1 миллион долларга чейин сатылбайт. Ар бир талапкер көз карандысыз болуп, өзү үчүн гана чуркайт. Кыргызстандын аймагынын географиялык абалы эске алынып, 30 округга бөлүндү.
Ушул жерден айта кетчү нерсе, округдар кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгына эмес, жергиликтүү бийликтегилердин сунушу жана БШК менен биргеликте кабыл алынды. “Бул айылды тиги округга кошуп бергиле” деп чуркап жүргөн талапкерлер дагы бар. Андай болбойт.
Кайсы бир талапкердин эмес, жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жасап жатабыз. Беш-алты айыл башка облустун же башка райондун округуна кошулуп калса, андан трагедия жасаштын кереги жок. Бир эле Кыргызстанбыз. Кимдин кадыр-баркы жогору болсо, кайсы округдан койбосун, ал өтүп келет.
Ар бир округдан үчтөн депутат келет. Үчүнчү орун гендерлик теңчиликти, гендерлик мыйзамды эске алуу менен жынысына карап берилет.
— Мурдагыдай партиялардагы алдыңкы орундарды миллиондорго саткан учурлар жок болорун айттыңыз. Ошол эле учурда депутаттыкка талапкер болгусу келгендер 300 миң сом төгүшү керек деген талап жалаң акчалуулардын гана депутат болушуна жол ачат, мугалимдер, врачтар келе албай калышат деп сындагандар бар?
— Шайлоолор келип калганда эле тили буудай кууругандар мугалимдер менен врачтардын таламын талашып, эстеп калышат. Болбосо беш жыл бою ойлоп деле коюшпайт. Шайлоо келгенде эле Кудай бетин салбасын, “Мугалим эле мугалим, врачтар эле врачтар!” деп кыйкырып жатса, угуп туруп чынында эле анын сөздөрүнө ыйлап ийгиң келет.
Бирок андай “сайракандар” мугалимдер, врачтар үчүн күйбөйт. Аларга добуш гана керек. Мугалим менен врачтар жалпы өлкө боюнча 200 миңдин тегерегинде.
Эмне мурдагы шайлоолордо мугалимдер менен врачтар келди беле? Бирин-экин эле болбосо. Тескерисинче, мугалимдер менен дарыгерлерге эми мүмкүнчүлүк берилди.
Мурда депутаттык орун 100 миңден 1 миллион долларга чейин сатылып, партиянын лидерлеринин чөнтөгүнө түшүп жүргөн болсо, эми андай болбойт. Акаевдин мезгилинен бери талапкер болом дегендер 100 миң сомдон төгүшчү.
Андан бери канча заман өттү.
Азыр эми депутаттар 300 миң сомго көтөрүп коюшуптур. Бул 300 миң сом кайтарымсыз экен.
Мурда 100 миң сом 5 пайыздан өйдө добуш алгандарга кайтарылып берилчү.
Эми бул акча кайтарылып берилбейт жана кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөйт. Шайлоону уюштурууга жумшалат. Мурда шайлоону уюштуруу үчүн кеткен чыгым элдин чөнтөгүнөн чыкчу. Тагыраагы республикалык казынадан берилчү.
Эми мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Мен муну колдойм. Себеби бюджеттен чыгым болбойт. Элдин ар бир тыйынын үнөмдөп, сарамжалдуу колдонушубуз керек. Шайлоолорго кетип жаткан акчаларга жылына 10 мектептен салып жүрүп олтурсак, 30 жылда канча мектеп салсак болмок.
Ал эми “мугалимдер менен врачтар 300 миң сом таппайт” деген суу кечпеген кеп.
Эгер ошол чөлкөмдө кадыр-барктуу мугалим же врач болсо эл өзү эле көтөрүп алат. Жакын туугандары, кошуна-колоңдору, жолдош-жоролору эле чогултуп төлөп коёт.
Мындай күрөө коюу практикасы дүйнө жүзүндө бар. Эмне үчүн дегенде, күрөө болбосо бир округга миңдеген талапкерлер “мен деле коё берейинчи” деп, жөн эле коюп алышат. Муну да 2011-жылы президенттик шайлоодо көргөнбүз. 90го жакын талапкер коюп алышкан. Жыйынтыгында 16 эле талапкер катышкан.
— Шайлоолорго байланыштуу кайрылууңузда “эгер үгүт иштерине аралашсаңар жазалайбыз” деп мамлекеттик кызматкерлерге, дарыгер, мугалимдерге дагы катуу эскертүү бердиңиз. Эгерде мамлекеттик кызматтагылар, же мугалим, же дарыгерлерден талапкер болуп барабыз дешсечи?
— Парламенттин депутаты болот элем, талапкер болот элем десе, аларга эч кандай чектөө жок. Кызматтарын тапшырып коюп, шайлоолорго катыша беришсин. Министрби, мэрби, акимби же мектеп директору, же жөнөкөй мугалим болобу талапкерлигимди коём десе, ээлеген кызматтарын тапшырып беришсин дагы, катыша берсин. Жетиштүү добуш алып өтүп кетсе депутат болуп калышат. Өтпөй калса, талапкер болгонго чейин ээлеген кызматтарынан дагы кол жуушат.
Антпесек жетекчилик кызматтагылар кол астындагыларды “Мен өтпөй калсам, ордума кайра келем. Мага чуркабасаңар, көрсөтөм силерге!” деп коркутушу мүмкүн.
— Бир округдан үч мандат берилери белгилүү. Анын ичинде аялдар үчүн, өз кайрылууңузда белгилегендей, кепилденген бир мандат бар. Бирок кайсыл бир округда алдыңкы үч орунду тең айымдар ээлеп калса кандай болот?
— Анда 3-орун эркекке берилет. Бул орун гендерлик теңчиликтин орду.
Эгер биринчи эки орунду аялдар алса, анда 3-орунду эркектердин арасынан эң көп добуш алган эркек ээлейт. Кийин 3 депутаттын орундары бошосо, артында кезекте турган талапкерлер келе беришет. Мурдагыдай бошогон орундарга шайлоолор болбойт. Бул жерден да үнөм болот, бюджеттен чыгым болбойбуз. Мурда бошогон орундарга кайра-кайра эле шайлоо өткөрө берчүбүз. Бюджеттен 100 миллиондогон сомдор кетчү.
— Добуш берүү автоматташтырылганы маалым. Алдыдагы шайлоодо шайлоочу сөзсүз эле өзү катталган аймактагы шайлоо участогуна барышы керекпи же каалаган аймактагы тилкеден добуш бере алабы?
— Эгер шайлоочу шайлоо күнү өзүнүн аймагында болбосо, каалаган жеринен добуш бере берет. Чоң-чоң базарларда, чоң-чоң соода борборлорунда шайлоо участоктору ачылат. Мисалы “Дордой”, “Кара-Суу” базарлары, “Бишкек Парк”, “Чынар”, “Азия Молл” сыяктуу соода борборлорунда шайлоо участоктору болот. Ош, Бишкек аэропортторунда ачылат. Бардык жакка онлайн көзөмөл камералары орнотулат. Ошондой эле онлайн камералар өлкө боюнча бардык участоктордо турат. БШК түздөн-түз талапкерлердин ишенимдүү кишилери менен биргеликте түз эфирден карап олтурушат. Бир нерсе болсо дароо чара көрүшөт.
Болгону шайлоочунун жанында ID паспорту же чет өлкөгө чыгууга уруксат берген жалпы жарандык паспорту, же “Түндүк” тиркемеси менен QR коду, ушул үчөөнүн бирөө болсо жетиштүү.
Чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо тилкелерине барганда деле ушул үч документтин бирөөсү болсо жетиштүү.
Кыскасы, мындан ары улам ушинтип санариптештирип жүрүп олтуруп келечекте үйдө олтуруп алып эле интернет аркылуу добуш бергенге чейин жетебиз. Чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыз да шайлоолорго толук катышууга мүмкүнчүлүк алат. Ага бир аз убакыт керек.
— Каалаган аймактан добуш бере алса, кийин чыр чыкпайбы?
— Эч кандай чыр чыкпайт. Баары ачык көрүнүп турса, ким чыр чыгарат? Арам ойлуу бирөө-жарым эле ар кандай версияларды ойлоп таап, ар нерселерди айтып чыкпаса эле. Кандай гана дооматтар болбосун, өздөрүнүн жана комиссиянын катышуусу менен териштиребиз. Видео-жазуулардын баарын карайбыз. Өздөрү уят болушат.
— “Бир шайлоочу — бир добуш” деген принцип менен добуш берүү жүрөрүн да айттыңыз. Бирок бир округдан үч мандат берилип атканын эске алганда, шайлоочу ошол округдан өзүнө жаккан үч талапкерди тандап үч добуш берсе туура болбойт беле?
— Андай сунуштар да түшкөн. Бирок анализ кылып көрүп, болбойт деп тапканбыз.
Себеби жанагы байлар гана өтөт деген маселе ушул жерде жаралышы мүмкүн.
Акчасы көп бай кандидат бир эркек, бир аялды колго алат дагы, чыгымдарын көтөрүп, үчөө бир мафия болуп үгүт иштерине биригип иштеп кетиши толук мүмкүн. Анда башка талапкерлерде мүмкүнчүлүк аз болуп калат.
Ошондуктан, бир шайлоочу бир гана талапкерге добуш бергени калыс болот. Ошондо ар бир талапкер ар бир добуш үчүн күрөшөт, өзү үчүн гана иштейт.
Бул жерден “бир шайлоочу 3 талапкерге добуш бериш керек эле” деп трагедия кылыштын кереги жок. Оозун чоюп, сайрай бергендерге көңүл бурбагыла. Эч коркунуч жок. Эң көп добуш жыйнаган 3 талапкер өтүп келет.
Мисалы, биринчи талапкер 50 миң добуш алды дейли, экинчи талапкер 40 миң менен келсин, үчүнчү талапкер 30 миң добуш алсын, төртүнчү талапкер 20 миң добуш болуп андан төмөн кете берет.
“Бир шайлоочу 3 талапкерге добуш берсин” деп мыйзамга киргизип койгондо, анда Шайлоо комиссияларына бюллетендерди кол менен саноодо чоң түйшүк түшмөк.
Элдин дагы башы айлана бермек. Кыскасы, башаламан эле болуп жатып калмакпыз.
Биз бийлик таза шайлоо өткөрүүгө бардык шартты түзүп бердик. Татыктуу депутаттардын келүүсүнө эми элибиз дагы салым кошуусу керек.
Учурдан пайдаланып шайлоочуларга дагы кайрылып кетсем:
Үгүт жана добуш берүү маалында ар кандай мыйзам бузууларды укук коргоо органдары, тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер карашат. Бирок алардын саны чектелүү болгондуктан, бардык участокторго үлгүрбөй калышы ыктымал.
Сиздерде болсо ар бириңердин колуңарда камера бар. Добуш сатып алып жаткандарды же добушун саткандарды байкасаңыздар, тартып чыгарыңыздар.
Мыйзам бузгандарды уяткарыңыздар.
Шайлоону жаңы тарыхыбызда болуп көрбөгөндөй таза өткөрүүгө ар бирибиз салым кошолу.
Жарандык активдүүлүгүңөрдү көрсөтүңүздөр. Шайлоолорду таза өткөрүүдө бир эле ушул добуш сатуу, добуш сатып алуу көйгөйү калды.
Муну жок кылсак башка көйгөй калбайт. Ошондуктан, “Көптүн көзү көрөгөч”, “Көп түкүрсө көл болот” дейт, жалпы эл жардам бериңиздер.
— “Өз бала” дебей, чыныгы татыктууларын шайлоого, добуш сатып алам дегендерди уяткарууга чакырдыңыз. Негизи эле шайлоолордогу мындай терс көрүнүштөрдөн арыла аларыбызга ишенесизби?
— Мындай терс көрүнүштөрдөн жакын арада арылышыбыз кыйын го. Анткени бизде туугандаш, уруу-уруулаш, айыл-райондош деген оору дагы деле бар.
Алардын жок болушу үчүн дагы бир-эки шайлоо башыбыздан өтүшү керек.
Элдин баарына күлкү болуп, ойго келбеген сөздөрдү сүйлөп коюшат, кээ бир депутаттар. Ушинтип “өз балабыз” деп шайлап алган татыксыз депутаты Жогорку Кеңеште олтуруп алып төрт-беш жолу шайлоочуларын уят кылыш керек. Андайларды көрүп эле жүрбөйбүзбү.
Ошондон кийин анан элибиз “өз балабыз” дебей, татыктууларды издей башташат.
Депутат кандай гана маселе көтөрүп чыкпасын, салмактуу, далилдүү аргументтер менен сүйлөп чыгышы керек. Сүйлөгөн сөзү, кылган иши менен уят болбошу керек.
Өзүнүн мурдагы сөзү менен азыркы сөзү дал келиш керек. Мына ошондо чыныгы депутат, чыныгы саясатчы десеңер болот. Илгерки позициясын, илгерки өзүнүн сөздөрүн унутуп калып, азыр Теңирден тескери сүйлөп калса, кантип саясатчы дейбиз.
Биз деле бир нече жолу депутат болгонбуз. Колубузда толук фактыларыбыз жок болсо эч бир маселени көтөрүп чыкчу эмеспиз. Уят болуп калбайын деп эртелеп даярданып, кандайдыр бир туура эмес иштер болсо 100 пайыз далилдерди топтоп алып, анан микрофонго же трибунага чыкчубуз.