7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туристтерге аттарын ижарага берип, чырга айланткан жаран 5 суткага камалды

2

Туристтерге аттарын ижарага берип, чырга айланткан жаран 5 суткага камалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 6-май күнү Кочкор айылынын тургуну Ж.А. Кочкор районунун Исакеев аймагындагы Көл-Үкөк жайлоосуна туристтерди 15 ат менен алып баргандыгын билдирип, ат ижарасына байланыштуу акча маселеси боюнча кайрылган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө ар бир ат үчүн 2000 сомдон төлөм жүргүзүлгөнү аныкталган. Ал эми аттардын ээси Ж.А. кошумча түрдө аттарды жеткирүү жана жер көрсөтүү кызматы үчүн 4000 сом талап кылып, туристтердин котормочусу Бишкек шаарынын тургуну А.Н. менен пикир келишпестик жаралган.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп, тараптар бири-бирине дооматы жок экендигин билдирип, арыз жазуудан баш тартышты.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Ж.А.га карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесинин (майда бейбаштык) негизинде протокол түзүлүп, соттун кароосуна жиберилген. Кочкор райондук соту тарабынан 5 суткага камакка алуу чечими чыгарылды.

Ошондой эле жанындагы жаш өспүрүм Кочкор РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан профилактикалык каттоого алынды.

 

3