Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спортчуларга мамлекеттик стипендияларды төлөө маселеси, анын ичинде Жоламан Шаршенбековго байланыштуу коомчулукта жаралган талкуулар боюнча түшүндүрмө берди. Бууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө мамлекеттик стипендияларды төлөө маселеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 26-июнундагы №358 токтому менен бекитилген Жобо аркылуу гана жөнгө салынат. Анда төлөмдөрдү жүргүзүүнүн негиздери, мөөнөттөрү жана милдеттүү процедуралары так аныкталган.
“2026-жылдан тартып Мамлекеттик агенттик тарабынан дене тарбия жана спорт тармагын системалуу өнүктүрүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында спорт тармагын модернизациялоого, спортчуларды колдоо механизмдерин өркүндөтүүгө жана спортту өнүктүрүү үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки программасы иштелип чыгып, бекитилди”, — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, Мамлекеттик агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр демилгеленип, анда спортчулардын жетишкендиктерин эске алуу менен бирге стипендияларды дайындоонун кыйла прогрессивдүү жана заманбап механизмдери каралган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук курама командаларынын курамына кирген спортчуларга спорттук стажды автоматтык түрдө эсептөө нормалары сунушталган. Бүгүнкү күндө аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өтүп, экинчи окууда каралууда.
Белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда көрсөтүлгөн документтерди иштеп чыгууда спортчулардын гана эмес, жалпы спорт тармагынын заманбап талаптары жана актуалдуу муктаждыктары эске алынган.



