7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 2 адамды өлтүрүүгө шектелген жаран изделүүдө (ВИДЕО)

33

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Окуя 2025-жылдын 3-октябрына караган түнү Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйдүн биринде болгон адам өлтүрүү фактысы катталган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү жаран көзөмөл камераларына түшүп калган. Окуя болгон жерден шектүүгө таандык баш кийим — кепка (сүрөттө) табылган.

Урматтуу жарандар! Эгерде сүрөттөгү адамды таанып же анын жүргөн жери жөнүндө маалымат билсеңиздер, төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз: 0 772 144 239, 0 556 848 080, 102.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги маалымат берген адамдардын жеке коопсуздугу жана купуялуулук толук сакталат. Тергөөгө көмөктөшкөн жарандар үчүн сый акы каралган.

Эске салсак, буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Ак-Ордо-3 конушундагы үйлөрдүн бирине уурулар кирип, агасы менен карындашына бычак урганы тууралуу жазышкан. Аталган булактарга таянсак, 2 жабырлануучу тең каза болгон.

Видео каргаша болгондон кийин тартылганы айтылууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

34