7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Непалда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кеминде 47 адам көз жумду

298

Непалда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчкү жана сел жүрүп, кеминде 47 адам каза болгонун Reuters агенттиги билдирди.

Чыгыштагы тоолуу Иллам аймагындагы бир нече айылды жер көчкү басып калган, ал эми өлкөнүн түштүк-чыгышында Коси дарыясы кооптуу деңгээлден ашып кеткен. Катмандуда бир нече дарыя чегинен чыгып, жолдорду жана үйлөрдү суу каптап кеткен.

Синоптиктердин айтымында, жамгыр Гималайда дүйшөмбүгө чейин уланат. Бийлик табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү чаралары көрүлүп жатканын билдирди.

Жыл сайын Непалдын тоолуу аймактарында муссон мезгилинде болгон жер көчкү жана суу ташкындарынын натыйжасында жүздөгөн адамдар каза болот. Былтыр октябрдын башындагы катаал аба ырайы 224 адамдын өмүрүн алып, дагы 158 адам жаракат алган.

 

299