7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент УКМКнын Бишкек боюнча Башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

29

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-октябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын имаратынын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы офицерлерге, ардактуу конокторго кайрылып, бүгүнкү күндө өлкө турмушунун бардык чөйрөсүнө, анын ичинде артыкчылык берилген багытыбыз – улуттук коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп келатканына жалпыбыз күбө болуп жатканыбызды белгиледи.

Ал кайсыл тармакты албайлы, алгач анын инфратүзүмүн, анда иштеген кызматкерлердин шарттарын жакшыртууга болгон күч-аракет жумшалып жатканын баса белгиледи. “Анткени тийиштүү шарттарды түзбөй, натыйжа чыгарууга мотивация бербей туруп, иштин жыйынтыгын талап кылуу мүмкүн эмес”, — деди Президент.

Ал акыркы 4-5 жылдын ичинде өлкөбүздүн бардык аймагында Коопсуздук комитетинин аймактык башкармалыктарынын имараттары оңдоп-түзөөдөн өтүп, бир тобу жаңы салынып, материалдык-техникалык базасы жаңыртылганын айтты.

Мындан тышкары быйыл борборубуздагы башкы штаб-квартира жаңыдан курулду, атайын кызматтын келечектеги кадрларын даярдоо үчүн УКМК Академиясы негизделип, заманбап шарттагы окуу комплекси ачылды.

Мамлекет башчысы бул башкармалыктын тарыхына кыскача токтолду. Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин, 1992-жылдын 22-октябрында Улуттук коопсуздук кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмү түптөлгөн. Кийин улуттук коопсуздук бөлүкчөлөрүн оптималдаштыруу максатында 2002-жылы Чүй облусу жана Бишкек шаарын тейлеген бөлүм Чүй облусу боюнча башкармалыгы жана Бишкек шаардык бөлүмү болуп өз-өзүнчө бөлүнгөн. Оптимизациянын кийинки этабында 2005-жылы шаардык бөлүм Бишкек шаары боюнча башкармалык болуп өзгөртүлгөн.

Ал борбор калаабыз кеңейип, элдин саны артып, жаңы жагдайлар жаралып, талаптар күчөтүлгөнүнө байланыштуу, 2014-жылы Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгы болуп бекитилгенин белгиледи. Бирок уюштуруучулук жактан оптимизация жүргөнү менен, Башкы башкармылыктын өзүнө тиешелүү административдик имараты болгон эмес. Алар ар кайсы мекемелердин имараттарына сыйлыгышып, иш алып барууга аргасыз болушкан.

Президент борбор калаанын чекисттери 2014-жылга чейин 40 чарчы метрди түзгөн кичинекей бир имаратта иштеп келишкенин кошумчалады. 2014-жылы өз имаратына ээ болгону менен ал жакта деле толук кандуу иштөө шарттары камсыздалган эмес.

2024-жылы гана Комитет жетекчилигинин демилгеси менен биз турган жерде жаңы имараттын курулушу башталган.

Эми Башкы башкармалык жалпы аянты 5000 чарчы метрге жеткен заманбап имаратка жайгашты. Мында бардык зарыл шарттар түзүлгөн: керектүү материалдык-техникалык жабдуулар менен жабдылган, жарандарды кабыл алууга ыңгайлуу кабинеттери, спорттук комплекси, ашканасы жана башка керектүү заманбап шарттар бар.

“Барган сайын коркунучтардын чектери бүдөмүк болуп жаткан азыркы учур улуттук коопсуздук органдарынан салттуу ишмердиктен тышкары, көп аракеттерди, жаңы ык-амалдарды жана жаңыча мамилени талап кылууда. Азыр адаттагыдай ар кандай кейипте кубулган тышкы душмандардан сырткары, өлкөнүн маалыматтык мейкиндигин коргоо, жат идеологиясын тымызын жайылткандардан сактоо, ичибизге сызып кирген чагымчыл иш-аракеттерди болтурбоо сыяктуу улуттук коопсуздугубузга, мамлекеттин туруктуулугуна залалы тие турган жана башка коркунучтуу көрүнүштөр менен алдын ала күрөшүү милдети курч турат”, — деп баса белгиледи Президент.

Садыр Жапаров жаңы заманбап имараттын ачылышы Улуттук коопсуздук комитетинин, анын ичинде, айрыкча шаар боюнча Башкы башкармалыктын ыкчам иш-аракетинин сапатын жогорулатарын, ошондой эле ички жана тышкы коркунучтарга каршы алдын ала күрөшүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Андан соң Мамлекет башчысы символикалык түрдө УКМКнын жаңы имаратынын боосун чечти.

Мындан кийин ал жаңы административдик имараттын инфраструктурасы менен таанышты. Ал кызматкерлердин иш бөлмөлөрүн, административдик залдарды, жыйын-залдарын, спорт залды, ошондой эле казарма жана ашкананы көрүп чыкты.

Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров башкармалыктын аймагына бак отургузду.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

30