Бүгүн Талас облусунда Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас облусунун прокурору, ИИБ начальниги Азенбек Козукеев жана облустагы бардык мамлекеттик жетекчилер катышкан жыйын болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты 30-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоонун мыйзам чегинде жана таза өтүшүн камсыздоо.
Талас облусундагы бардык мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине жана кызматкерлерине шайлоонун ачык-айкын, мыйзамдуу жана адилет өтүшүн камсыз кылуу милдети жүктөлдү. Эгерде кайсы бир кызматкер үгүт иштерине катышып, мыйзам бузган учурлар аныкталса, мыйзамдарынын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram