7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолу: Асфальт төшөө иштери уланууда

300

Бишкек–Кунтуу–Шопоков жолунда асфальт басуу иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүнкү күндө Күнтуу айылынын кире беришинин 3,8 чакырым тилкесине бир тараптуу асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунун 5-чакырымында асфальт басуу иштери жүрүп жатат. Курулуш иштерине 60тан ашуун атайын техника тартылып, 128 жумушчу жана инженердик-техникалык кызматкерлер эмгектенүүдө.

Жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Анын 6,7 чакырымын быйыл оңдоо мерчемделген. Долбоордо жолду 4 тилкеге чейин кеңейтүү, тротуар куруу, жолду жарыктандыруу жана мурда кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу каралган.

 

301