7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жайыл райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери кармалды

393

Жайыл райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган филиалдын айрым кызмат адамдары жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу боюнча коррупциялык схеманы алдын ала сүйлөшүп алып уюштурганы аныкталган. Ошондой эле тинтүү учурунда машинкалар жана эски үлгүдөгү мамлекеттик бланктар боюнча 2004-жылы чыгарылган Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин мөөрү, жеке менчик укугуна жаңы жана катталбаган мамлекеттик актылар аныкталып, алынган.

Мындан тышкары, документтин түп нускасын жасалмалоо жана аларды «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин реестрине каттоо жолу менен ишке ашырылгандыгы аныкталган.

“Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Жайыл филиалынын башчысы И.Р.Р. кармалып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди”, —

394