7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусияда “Нелегал 2025” операциясынын экинчи этабы башталды. Кимдер илинет?

305

Бүгүн Россияда «Нелегал 2025» федералдык комплекстүү ыкчам-профилактикалык операциясынын экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

“Нелегал” операциясы Россиянын Ички иштер министрлиги тарабынан жыл сайын эки этапта Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ), Росфинмониторинг жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдары менен биргеликте өткөрүлөт.

Негизги максат – мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү, миграциялык мыйзамдарды, анын ичинде үчүнчү өлкөнүн жарандары тарабынан мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу.

«Нелегал» операциясы Россияда биринчи жолу 2008-жылы жүргүзүлгөн.

Бул алдын алуу иш-чаралары аяктагандан кийин «Нелегал-2025» операциясынын жыйынтыгы чыгарылат.

Элчилик Кыргызстандан барган мигранттарды дайыма документтерин өздөрү менен алып жүрүүнү жана операция аяктаганга чейин майрамдарга жана жыйындарга барбоого чакырды.

Эске салсак, кечээ Орусиянын бийлиги 770 миң мигрант депорт болоорун эскерткен болчу.

306