21-22-октябрь күндөрү саат 11:00дөн 14:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Көчө театрынын искусствосу» аттуу эл аралык театралдык мастер-класс өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
«Иш-чаранын максаты – көчө театрынын заманбап ыкмаларын жана дүйнөлүк тенденцияларын изилдеп, Кыргызстандын чыгармачыл жаштарына жаңы тажрыйба берүү. Мастер-классты «Сегизинчи күн театрынын» негиздөөчүлөрүнүн бири, актер жана режиссёр Адам Боровски, ошондой эле маданият таануучу Йоланта Килиандар өткөрөт», -деп айтылат маалыматта.
Катышуучуларга көчө театрынын уюштурулушу, сахна кыймылы, көрүүчүлөр менен түз байланыш жана жандуу перформанстар тууралуу практикалык жана теориялык сабактар берилет. Иш-чара театр адистерин, режиссёрлорду жана маданий уюмдардын өкүлдөрүн катышууга чакырат. Мастер-класстын максаты маданий кызматташтыкты чыңдап, театр искусствосунун коомдогу маанисин жогорулатуу.