Ош шаарындагы Орозбеков көчөсүндө орун алган өрт кырсыгынан каза болгон 6 адамдын сөөгү жерге берилди.
Балдардын атасы бүгүн таң эрте Түштүк Кореядан учуп келип, маркумдарды жерге берүү зыйнаты өттү. Жаназага мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов да катышып, үй-бүлөсүн жоготкон атага сабыр-канаат тилешти.
Маркумдардын жакындарына зарыл болгон бардык жардамдар көрсөтүлөрү белгиленди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram