7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоолуу аймактарда жашаган аялдарды колдоо “жөлөкпул” мыйзамына өзгөртүү киргизилди

309

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды өнүктүрүү болуп саналат.

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда туруктуу жашаган, 2026-жылдын 1-январынан кийин төрт жана андан көп бала төрөгөн көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку “Бала Береке” төлөмү (мындан ары – бир жолку “Бала Береке” төлөмү”) каралган.

Бир жолку “Бала Береке” төлөмүнүн өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби министрлер кабинети тарабынан бекитилет.

Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

310