Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чапаев айылына 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат. Объекттин тендердик баасы 239 миллион сомду түзөт.
Башкы план боюнча аянты 2479,8 чарчы метр болгон мектеп беш блоктон турат. Курулуш иштери заманбап үлгүдө жүргүзүлүп эки кабаттуу окуу корпусу спорт залы менен курулат. Азыркы тапта имараттын пайдубалы куюлду.



