Казакстан Борбор Азиядагы эң бактылуу өлкө деп табылды. Бул тууралуу салттуу “World Happiness Report 2025” программасынын отчетунда жазылат.
Казакстандын аймактарында достуктун жана өз ара жардамдашуунун дүйнөдөгү эң жогорку деңгээлин көрсөтүшкөндүгү белгиленген.
“Экономикалык кырдаалдагы айырмачылыктарга карабастан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан ишенимдин жана социалдык биримдиктин жогорку деңгээлин көрсөтүштү”, — деп жазылат докладда.
- Казакстан 43-орунду ээлеп, Борбор Азиядагы эң бактылуу өлкө болду.
- Өзбекстан 53-орунда,
- Кыргызстан 75-орунда, ошол эле учурда чоочундарга жардам берүү боюнча алдыңкы орунда (55-орунда).
- Тажикстан 90-орунга чыкты.
Түркмөнстан керектүү маалыматтардын жетишсиздигинен улам рейтингге кирген жок.
Изилдөө көрсөткөндөй, Орто Азия мамлекеттеринде достуктун орточо индекси 0,30дан 0,36га чейин өзгөрөт, ал эми дүйнөлүк орточо көрсөткүч 0,33. Бул өз ара жардамдашуу жана коомчулуктун катышуусу негизги баалуулук болуп кала берген чөлкөмдө бекем социалдык байланыштардын жана коллективисттик маданияттын сакталып турганын көрсөтүп турат, деп белгилешет түзүүчүлөр.
Адистердин айтымында, бакыт кирешенин деңгээли менен гана эмес, коомго болгон ишеним, туруктуулук, эркиндик сезими менен да аныкталат.



