7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Сүлүктүкөмүрдүн” жерлерин менчиктеп алгандар өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарып беришти

168

“Сүлүктүкөмүрдүн” жерлерин менчиктеп алгандар өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарып беришти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК «Сүлүктүкөмүр» ачык типтеги АКсынын сатылып, тиешелүү жактарга катталган мүлктөрүн жана жер тилкелерин аныктаган. Тергөө иш-чараларынын натыйжасында аталган мүлктүн ээлери ыктыярдуу түрдө тиешелүү мүлктү Сүлүктү шаардык мэриясына кайтарып беришти.

Тактап айтканда:

  • Сүлүктү шаарынын Д.Жороев көчөсүндөгү «АБК» административдик имараты жана 1,02 гектар жер тилкеси;
  • Сүлүктү шаарынын поле-12 көчөсүндөгү 1714,0 м2 аянттагы «Кызыл-Булак» электр көмөкчордону;
  •  Сүлүктү шаарынын И. Элмуратов көчөсүндөгү «АБК» административдик имараты жана 11 067,0 м2 жер тилкеси;
  • Сүлүктү шаарынын шахта-6 көчөсүндөгү «АБК» административдик имараты жана 24 100,0 м2 жер тилкеси;
  • Поле-12 көчөсүндөгү аянты 323,3 м2 болгон имарат (ашкана);
  •  «ВВиСВ» жардыргыч заттар кампасы (аянты 3,1 га, Сүлүктү шаары);
  • Сүлүктү шаарында аянты 21 144 м2 болгон жер тилкеси;
  •  Сүлүктү шаарынын Д. Жороев көчөсүндөгү аянты 350,5м2 болгон имарат (ашкана);
  •  Сүлүктү шаарындагы «ЭМЦ» имараты жана 1,5 гектар жер тилкеси;
  • Сүлүктү шаарындагы «АБК» административдик имараты жана 3482,0 метр2 жер тилкеси;
  • Сүлүктү шаарындагы поле-12 көчөсүнүн боюндагы 210,8 м2 аянттагы «Бункер»;
  •  Сүлүктү шаарындагы 600,0 м2 жер тилкесиндеги «Крун-6» трансформатору.
169